Улуттук банктын өкүлдөрү Алматыдагы эл аралык форумга катышты

Улуттук банктын өкүлдөрү Алматыдагы эл аралык форумга катышты

21-сентябрда Улуттук банктын өкүлдөрү Алматы шаарында өткөн "Борбордук Азияда микрокаржылоо келечеги" форумуна катышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум "Казакстандын микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын алкагында микрокаржылоо секторунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, санарип микрокаржылоо кызматтарын өнүктүрүү жана аймакта кредиттик ресурстарды пайдаланууну арттыруу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды