Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Чыгармачылык өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айландырган Айдарбек Айткулов бүгүн командасы менен Кыргызстандагы ири скульптуралык жана декоративдик долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал үчүн ар бир буйрутма жөн гана жумуш эмес, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ар бир долбоорду сапатка өзгөчө көңүл буруп, майда-баратына чейин кылдат аткарууга аракет кылат.

Каарманыбыз “Ишкер” Медиага берген маегинде Москвада топтогон тажрыйбасы, ишкерлик жолундагы алгачкы сыноолору, команда түзүүнүн мааниси, кардарлардын ишенимин кантип багындырганы жана чыгармачылыкты ийгиликтүү бизнеске айлантуу сыры менен бөлүштү.

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлүп-өскөм. Көркөм сүрөт багытында билим алып, кийин Москвада скульптура жана декоративдик жасалгаларды даярдоо тармагында 6 жыл эмгектендим. Бул аралыкта ар кандай долбоорлорго катышып, мол тажрыйба топтодум.

Кийинчерээк Кыргызстанга кайтып келип, алган тажрыйбамды өз өлкөмдө колдонуп, ушул тармакты өнүктүрүүнү чечтим. Учурда скульптуралык жана декоративдик жасалгаларды жасап, жеке ишкерлик менен алектенип келем.

– Скульптура жана декорация тармагына кызыгууңуз качан жана кантип башталган?

–Чынын айтсам, баары бала кезден башталган. Биз бала кезде айылда оюнчуктар көп боло берчү эмес. Ошондуктан ылайдан, жыгачтан, таштан оюнчуктарды жасап ойночумун. Бирөөдөн кызыктуу оюнчук көрүп калсам, сөзсүз ага окшоштуруп жасаганга аракет кылчумун. 

Муну шаарда жашаган эжем байкап калып, “мунун шыгы бар экен, ушул багытта билим алсын” деп мени Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт академиясына тапшырткан.

Академияда окуп жүргөндө бул өнөргө болгон кызыгуум мурдагыдан да күчөдү. Бизден улуу студенттердин эмгектерин көрүп шыктанчумун. Кийин Москвада иштеп жүрүп өзгөчө декорацияларды, арт-объекттерди жана көлөмдүү скульптураларды көргөн сайын бул тармакка болгон кызыгуум ого бетер артты. Ошондон бери дайыма өзүмдү өнүктүрүп, ар бир эмгегимди мурункусунан жакшыраак жасаганга аракет кылып келем.

– Бул ишти баштоодо кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

– Башында оңой болгон жок. Ишти жалгыз баштагам. Эң чоң кыйынчылык керектүү шаймандардын жетишсиздиги болду. Ага чейин башкалардын колунда иштеп, тапкан кирешем үй-бүлөмдүн күнүмдүк чыгымынан ашпагандыктан, ишиме керектүү шаймандарды сатып алууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Ошондуктан бул ишти баштаганда насыя алып, ага керектүү жабдыктарды сатып алгам. 

Бара-бара ишим алдыга жылып, насыядан кутулдум. Кудайга шүгүр, бүгүн командамды түзүп, алардын жардамы менен ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эң башкысы, биринчи кадамды жасоодон коркпош керек. Аракет кылсаң, акырындык менен ишиң алдыга жыла берет экен.

– Учурда сиз менен бирге канча адам эмгектенет?

– Командабызда менден тышкары 3 жигит, 1 кыз эмгектенет. Баары өз ишин мыкты билген, аракетчил жаштар. Ар кимдин өзүнө жүктөлгөн милдети бар. Чоң долбоорлорду ийгиликтүү бүтүрүүдө ынтымактуу жамааттын орду чоң. Ошондуктан ар бир ишти чогуу талкуулап, бири-бирибизди колдоп, аягына чейин биргелешип жасайбыз.

– Эң алгачкы буйрутмаңыз жана эң кирешелүү долбооруңуз тууралуу айтып берсеңиз.

– Биринчи түшкөн буйрутмаларым эсимде. Бир эже жер казуу иштерин чагылдырган макет жасап берүүнү өтүнгөн. Ошол ишти толугу менен өзүм жоопкерчилик алып аткаргам. Андан көп өтпөй бир спа-салондун декоративдик жасалгаларын жасадым. Дал ушул эки долбоор мага чоң тажрыйба берип, өз күчүмө болгон ишенимимди арттырды.

Ал эми эң кирешелүү долбоорлорубуздун бири сулуулук салонун нөлдөн баштап жасалгалоо болду. Анын декоративдик жасалгаларын, барельефтерин жана сырдоо иштерин толугу менен өзүбүз аткарганбыз. Так суммасын айтпай эле коёюн, бирок бул долбоор биз үчүн каржылык жактан чоң колдоо болгон.

– Буга чейин жасаган эмгектериңиздин ичинен өзгөчө сыймыктанган же эсиңизде калган долбоорлор кайсылар?

– Бизге ар кандай буйрутмалар түшөт. Скульптураларды, декоративдик жасалгаларды, бренддик объекттерди даярдайбыз, бирок көбүнчө барельефтерге буйрутма көп болот. Ар бир долбоорго жан дүйнөбүздү салып, өзгөчө мамиле менен иштейбиз. Ошондуктан жасаган иштерибиздин ар бири өзүбүзгө жакын.

Ири долбоорлорду айта турган болсом, Кыргызстандагы “Анвар” брендинин биринчи филиалын бизжасалгалаганбыз. Учурда “Кекеев” объектисинин үстүндө иштеп жатабыз. Москвада иштеп жүргөндө да эсимде калган чоң долбоорлор болду. Алардын бири – Елена Блиновскаянын буйрутмасы. Ошондой эле музей үчүн атактуу “Терракота армиясынын” көчүрмөсү катары 150 жоокердин айкелин жасаганбыз. Бул иштер өзүмдүн да купулума толгон.

Кыргызстанда көбүнчө долбоорлорду аткарууга берилген мөөнөт кыска болуп калат. Айрым кардарлар иштин тезирээк бүтүшүн каалашат. Бирок мындай чыгармачыл жумушта иштин майын чыгарып, ар бир деталын кылдат иштеп чыгыш үчүн убакыт абдан маанилүү. Ошондо гана чыгарма көңүлдөгүдөй болуп, анын чыныгы көркү ачылат.

– Сиз үчүн эң башкысы кирешеби же чыгармачылыкпы? Негизи эле ишиңизде кайсы принципти карманасыз?

– Чынын айтсам, кайсы бир долбоорго канча каражат жумшадым же андан канча киреше таптым деп эсептей бербейм. Албетте, ушул иш менен каражат таап, үй-бүлөмдү багам. Бирок мен үчүн биринчи орунда акча эмес, өз ишимди мүмкүн болушунча мыкты аткарып, адамдар көрүп суктана турган эмгек жаратуу маанилүү.

Мени “Көпөлөктүн артынан кууба, гүл эксең, көпөлөк өзү келет” деген сөз аябай таасирленткен. Ошондон бери ушул принципти карманам. Ар бир буйрутманы өзүмдү көрсөтө турган мүмкүнчүлүк катары кабыл алам. Чоң-кичине, арзан-кымбат айырмасы жок, ар биринин майын чыгарып жасаганга аракет кылам. 

Кудайга шүгүр, ошол эмгектин үзүрүн бүгүн көрүп жатабыз. Азыр бизге чоң долбоорлорду ишенип тапшырып жатышат. Демек, кайсы тармакта болбосун өз ишиңди так жана сапаттуу аткарсаң, адамдардын ишеними жаралып, жакшы атың өзү эле жайылат.

– Бул тармакта өз ишин баштоону каалагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Москвада иштеп жүргөндө да көптөгөн жаштарды үйрөтүп, алар менен чогуу иштедим. Байкаганым, көптөр өз алдынча иш баштоого шашылышат, бирок кардар менен туура сүйлөшүп, буйрутманын ар бир деталын алдын ала тактоону жетиштүү деңгээлде өздөштүрө элек болушат. Мындай майда көрүнгөн кемчиликтер кийин чоң көйгөй жаратып, иштин сапатына да, кардар менен болгон мамилеге да таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, бул тармакта эң негизгиси – өзүңө болгон ишеним. Бирок ал жөндөн-жөн пайда болбойт, тажрыйба менен келет. Билим алуу маанилүү, бирок теориянын өзү жетишсиз. Канча жыл окуба, аны практикада колдонбосоң, чыныгы чеберчилик калыптанбайт.

Ошондуктан бул багытта эмгектенүүнү каалагандарга айтар кеңешим – алгач мыкты усталардын жанында иштеп, тажрыйба топтоо. Керек болсо жардамчысы болуп, балкасын алып берип болсо да иштин ар бир баскычын өз көзүң менен көрүп үйрөнгөнүң жакшы. Ошентип жүрүп тажрыйба топтойсуң, өзүңө болгон ишеним бекемделет. Ошондон кийин коркпой өз ишиңди баштасаң болот.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.  Мындан сырткары, бир катар

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда,

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган

Көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган объекттилердин иштери токтотулду

Көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган объекттилердин иштери токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун аткарылышы боюнча Баткен облусундагы курулуш объекттерине рейд жүргүзүлүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир катар объекттердин айланасындагы көрктөндүрүү иштерин уюштуруу талаптарынын сакталбаганы аныкталды. Тактап