Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жүк жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жүк жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдын тапшырмасы боюнча  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга жалпы салмагы 129 тонна болгон гуманитардык жүк жөнөтүүдө.

ӨКМ билдиргендей, анын ичинде:

  • 66 тонна азык-түлүк (ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы),
  • 63 тонна дары-дармек бар.

Жүк ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасынан турган колоннага жүктөлдү.

Гуманитардык жардамды иран тарапка өткөрүп берүү Акылбек Кылычевдин катышуусунда ишке ашат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?