2028-жылга чейин Кыргызстанда эски мектептер калбайт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1960–1970-жылдары курулуп, авариялык абалда турган бардык мектептер 2028-жылдын сентябрына чейин толугу менен жаңыланарын же кайрадан куруларын Алай районунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө болжол менен 3 миңге жакын айыл бар жана алардын көбүндө мектеп имараттары эскирген.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы беш жыл ичинде мектептерди этап-этабы менен жаңылоо жана жаңы билим берүү мекемелерин куруу иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Садыр Жапаров он орто мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышкан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу