Президент Таш-Короо айылындагы жайытта кен казууну токтотууну буйруду

Президент Таш-Короо айылындагы жайытта кен казууну токтотууну буйруду

Алай районунун тургундары менен жолугушууда Садыр Жапаров айыл тургуну Дардак Алимканов жайыт жерлерин сактоо маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, Таш-Короо айылында бир гана жайыт бар. Бирок "Нур Тейит" компаниясы ошол аймакта курулушта колдонулуучу сарыташты (травертинди) казууну пландап жатат.

“Нур Тейит” деген фирма бар, ушул жайытты казып, сарыташ алгысы келет. Компаниянын ээси ар дайым фирманын атын өзгөртүп жүрөт. Жергиликтүү элдин негизги тиричилиги айыл чарба болсо, биз кайда барабыз?" — деп кайрылды тургун президентке.

Жооп катары Садыр Жапаров район акимине жайыт жерлеринде пайдалуу кен казууга уруксат бербөөнү тапшырды.

Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев билдиргендей, учурда аталган айылда эки лицензияны кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Нур Тейит" ЖЧКсы 2013-жылы түзүлгөн, ал эми 2026-жылдын 30-январында кайра каттоодон өткөн. Компаниянын жетекчиси — Калыйнур уулу Бекарстан. Негиздөөчүлөрү: "Жалал-Абад Кен Байлыктары" ЖЧКсы, Самат Султанов, Калыйнур уулу Бекарстан, Марипаткан Мээлибаева жана Нуржамал Аттокурова.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media
КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media
Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media