Дүйнөдөгү жүргүнчүлөр жүктөмү көп аэропорттор кайсылар?

Дүйнөдөгү жүргүнчүлөр жүктөмү көп аэропорттор кайсылар?

Эксперттер 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү жүктөмү көп эң аэропорттордун рейтингин жарыялашканын Kazinform кабарлады.

Биринчи орунду Хартсфилд–Жексон Атланта эл аралык аэропорту ээледи. Бул аэропорт аркылуу жыл ичинде 106 миллиондон ашык жүргүнчү өткөн.

Экинчи орунда Дубай эл аралык аэропорту, үчүнчү орунда Токио Ханэда аэропорту болду. Алдыңкы бештикке ошондой эле Даллас/Форт-Уэрт эл аралык аэропорту жана Шанхай Пудун эл аралык аэропорту кирди.

Рейтинг учуп келген жана учуп кеткен жүргүнчүлөрдүн жалпы саны боюнча түзүлгөн. Ал эми транзиттик жүргүнчүлөр бир жолу гана эсепке алынган.

Дүйнөдөгү жүктөмү эң көп 10 аэропорттун ичинде Европанын Лондон Хитроу (7-орун) жана Стамбул аэропорту (8-орун) бар.

Ал эми эл аралык каттамдар боюнча рейтингде Европа аэропорттору көбүрөөк орун алган. Бул тизмеде лидерликти Дубай аэропорту сактап, 95 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлеген. Андан кийин Хитроу жана Инчхон эл аралык аэропорту жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Чанги, Амстердам Схипхол, Стамбул, Париж жана Франкфурт аэропорттору кирген.

Мындан тышкары окуңуз

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media
Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media