Каракол шаарында энергетика боюнча заманбап окуу борбору курулат

Каракол шаарында энергетика боюнча заманбап окуу борбору курулат

Каракол шаарында энергетика боюнча заманбап адистештирилген окуу борборун жана окуу-машыгуу полигонун куруу пландалып жатат. Борбор Азиядагы мындай форматтагы биринчи объект болорун КРнын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борборду түзүү демилгеси энергетика министри Таалайбек Ибраев тарабынан көтөрүлгөн. Долбоор Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иштелип чыккан.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге Казань шаарында Ильшат Фардиев менен Ильгиз Сыдыгалиев тарабынан кол коюлган.

Апрелдин ортосунда Татарстандык адистер Кыргызстанга келип, курулуш жүргүзүлө турган аймактарды — окуу борборун, машыгуу полигонун жана өндүрүш цехин — изилдеп чыгышкан.

Жаңы борбор заманбап жабдууларды жана коргонуу каражаттарын колдонуу менен электр чыңалуусу алдында иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ адистерди даярдоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле долбоордун алкагында биргелешкен өндүрүш түзүү пландалууда — анда электр жабдуулары, анын ичинде бөлүштүрүүчү түзүлүштөр, трансформатордук подстанциялар жана электромобилдер үчүн заряддоо станциялары чогултулат.

Долбоор ишке ашса, Кыргызстан энергетиктерди даярдоодо аймактык борборго айланышы мүмкүн. Бул жерде Борбор Азия өлкөлөрүнөн — Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген адистер да билим ала алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media