Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 25 млрд кВт саатка жетет

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 25 млрд кВт саатка жетет

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында энергетика тармагындагы инвесторлор, өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. 

Отурумда акыркы жылдары өлкөдө экономикалык көрсөткүч жогору болгондуктан, электр энергиясын керектөөнүн олуттуу өсүшүнө алып келип жатканы белгиленди. Маселен, акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25%дан ашкан. Статистика боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, ал 2025-жылдын акырына карата 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен. 

Ошол эле учурда, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо талаптын өсүшүнөн артта калууда. Ага байланыштуу, министрлер кабинети тарабынан буга чейин жактырылган энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшү жыйындын негизги темасы болду. 

Бул багытта президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев, жогорудагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өлкө президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары кеңейтилип, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу процедуралары тездетилип, энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин билдирди. 

“Албетте, энергетика тармагындагы инвесторлордун өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору. Кээ бир инвесторлор объектилерди курууда жана ишке киргизүүдө тездик менен ишти эффективдүү ишке ашырууда. Ошол эле учурда, айрым компаниялар өзүнүн милдеттерин аткарбай жатканы бул мамлекеттин же тармактын кызыкчылыгына туура келбейт. Учурдагы электр энергиясын керектөөнүн темпи уланса, ал 2030-жылга карата 25 млрд кВт саатка жетиши мүмкүн. Ошол себептүү, мындай шартта биздин алдыбызда стратегиялык тапшырманы аткаруу максаты турат”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев. 

Ишкерлер менен биргеликте электр станцияларын куруудагы аткарылган иштер, келип чыккан маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланган жыйындын соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media