"КУЭС" ААКнын директорлор кеңеши 58,25 млн доллар насыя алууну жактырды

"КУЭС" ААКнын директорлор кеңеши 58,25 млн доллар насыя алууну жактырды

"КУЭС" ААКнын директорлор кеңеши 2026-жылдын 16-апрелинде Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү насыяны тартуу боюнча кызыкчылыгы бар бүтүмдү жактырды.

Насыянын суммасы 58,25 млн долларды түзөт. Бул каражаттар 220/110/24 кВ "Каракол" жана 220/110/24 кВ "Тамга" көмөкчордондорун (ПС) жана электр берүү линияларын куруу долбоорун ишке ашырууга багытталат.

Министрлер кабинети 2025-жылдын 29-майында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууга корутунду берүүнү жактырган. Макулдашууга 22-апрелде Вашингтон шаарында кол коюлган.

Долбоордун жалпы баасы 60,25 млн долларды түзөт, анын ичинен 58,25 млн доллар — ИБР тарабынан 1,5% үстөк менен 25 жылдык мөөнөткө берилген жеңилдетилген насыя (жеңилдетилген мөөнөтү — 7 жыл).

Калган 2 млн долларды Кыргызстан салыктык төлөмдөр, жер иштерине кеткен чыгымдар жана уруксат документтери аркылуу камсыздайт. Бул каражаттар "КУЭС" ААКсына кайра насыя катары берилет жана долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Каражаттар жаңы абоненттерди кошуу жана электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу аркылуу кайтарылат.

Долбоор Ысык-Көл облусунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана инфраструктураны, анын ичинде "Ала-Тоо Резорт" долбоорун колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Жогорку Кеңеш 17-июнда “Мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.  Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы УКМКнын Чек ара кызматын Мамлекеттик чек ара кызматына айландыруу, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз өлкө президентине

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштердин негизги максаты — кыш мезгилинде калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары жана курулмалары жаңыланууда. Бекитилген иш тартибине ылайык,