Энергетикадагы дебитордук карыз маселеси дээрлик чечилди — министр

Энергетикадагы дебитордук карыз маселеси дээрлик чечилди — министр

Кыргызстанда энергетика тармагында коммерциялык жоготуулар азайып, дебитордук карыз маселеси дээрлик чечилгенин радио эфиринде Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, мурда бул маселелер тармактагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келген.

"Мурда негизги тема катары дайыма дебитордук карыз жана коммерциялык жоготуулар айтылчу. Бүгүнкү күндө кырдаал өзгөрдү: дебитордук карыз маселеси дээрлик жок", — деди ал.

Министрдин маалыматына ылайык, өлкөдө болжол менен 1,5 млн абонент бар, алардын ичинен 900 миңден ашыгы "акылдуу" эсептегичтер менен камсыздалган. Кытайга болгон иш сапарынын алкагында дагы 390–400 миңдей эсептегич жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Аларды орнотуу май айында башталып, күзгө чейин аяктайт деп пландалууда.

Мындан тышкары, энергетика тармагында электр энергиясын өчүрбөстөн иш жүргүзүү технологиясы киргизилүүдө. Бул 500 кВ чейин чыңалуудагы линияларга тиешелүү. Адистер тиешелүү окуудан өтүп, окуу полигоны түзүлүп, керектүү жабдуулар жана техника сатып алынууда.

Ибраев белгилегендей, бул технологияны киргизүү оңдоо иштерин электр энергиясын өчүрбөстөн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул айрыкча ооруканалар, бала бакчалар жана электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керек болгон башка объектилер үчүн маанилүү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media