Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбой турганын "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 27-28-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Исакеев көчөсүндөгү төмөнкү үйлөр: №18/1, 18/1а, 18/17, 18/18, 18/11, 2а (14-блок), 2а (15-блок), 18/6, 18/5, 18/4, 18/16, 2а (9-блок), 18 (4-блок), 18/10 (13-блок), 18/8.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте филармониянын алдындагы "бийлеген" оргума ишке кирди

Бишкекте филармониянын алдындагы "бийлеген" оргума ишке кирди

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы жаңыланган фонтандын техникалык ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Айбек Жунушалиев Жаштар аллеясында жана филармониянын айланасында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жаңыланган оргумага сууну тазалоочу заманбап жабдуулар жана жарык-музыкалык тутум орнотулду. Эми анда музыка жана

Борбордогу 20 мектептин курулушун күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды

Борбордогу 20 мектептин курулушун күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга подрядчы уюмдардын жана министрликтин тиешелүү департаменттеринин өкүлдөрү катышты. Анда ар бир мектеп боюнча аткарылган иштер, курулуштун темпи жана алдыда

Ноокенде таштандыны сайга төккөндөргө 35,5 миң сом айып салынды

Ноокенде таштандыны сайга төккөндөргө 35,5 миң сом айып салынды

Ноокен районунда таштандыларды Алаш сайына таштоо жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары аныкталып, 35 миң 550 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Ноокен районундагы эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд өткөргөн. Рейд учурунда айрым

Мэрия: Бишкектеги №151 контурда азырынча турак жай курууга болбойт

Мэрия: Бишкектеги №151 контурда азырынча турак жай курууга болбойт

Бишкек шаарындагы №151 контурда жайгашкан жер тилкелеринин учурдагы максаттуу багыты турак жай курууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев аталган аймактагы жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча жарандар менен жолугушууда билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, №151 контурдагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлерге кирет. Ошондой эле Бишкектин 2050-жылга чейинки