"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

Кыргызстандын энергетика тармагында "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү жана санариптештирүү чыгымдарды кыскартууга жана ишти оптималдаштырууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.

Анын айтымында, 2023–2025-жылдары жүргүзүлгөн санариптик реформалардын натыйжасында 416 инспектор кыскартылып, 291 млн сом үнөмдөлгөн.
Мындан тышкары, "Мой свет" мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, толук колдонууга киргизилген. Анын негизинде кагаз квитанцияларды таратуу токтотулуп, болжол менен 40 тонна кагаз үнөмдөлгөн.

Эске салсак, учурда депутаттар 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана аны өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчетун угушууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте филармониянын алдындагы "бийлеген" оргума ишке кирди

Бишкекте филармониянын алдындагы "бийлеген" оргума ишке кирди

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы жаңыланган фонтандын техникалык ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Айбек Жунушалиев Жаштар аллеясында жана филармониянын айланасында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жаңыланган оргумага сууну тазалоочу заманбап жабдуулар жана жарык-музыкалык тутум орнотулду. Эми анда музыка жана

Борбордогу 20 мектептин курулушун күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды

Борбордогу 20 мектептин курулушун күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга подрядчы уюмдардын жана министрликтин тиешелүү департаменттеринин өкүлдөрү катышты. Анда ар бир мектеп боюнча аткарылган иштер, курулуштун темпи жана алдыда

Ноокенде таштандыны сайга төккөндөргө 35,5 миң сом айып салынды

Ноокенде таштандыны сайга төккөндөргө 35,5 миң сом айып салынды

Ноокен районунда таштандыларды Алаш сайына таштоо жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары аныкталып, 35 миң 550 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Ноокен районундагы эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд өткөргөн. Рейд учурунда айрым

Мэрия: Бишкектеги №151 контурда азырынча турак жай курууга болбойт

Мэрия: Бишкектеги №151 контурда азырынча турак жай курууга болбойт

Бишкек шаарындагы №151 контурда жайгашкан жер тилкелеринин учурдагы максаттуу багыты турак жай курууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев аталган аймактагы жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча жарандар менен жолугушууда билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, №151 контурдагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлерге кирет. Ошондой эле Бишкектин 2050-жылга чейинки