"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

Өткөн жылы Кыргызстанда орнотулган 500 миң "акылдуу" эсептегич Кытайдан 14 млн долларга сатылып алынганын Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.

Талкуу учурунда депутат Улукбек Ормонов ири каражаттар өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып, ата мекендик өндүрүүчүлөр бар же жок экенине кызыкты.

Өмүрбек Жеңишбековдун айтымында, электрондук эсептегичтерди "Дастан" заводунун базасында чыгаруу пландалган. Бирок тараптар баа боюнча макулдашууга келе алышкан эмес. Ата мекендик продукциянын баасы чет элдик аналогдорго салыштырмалуу 2,5 эсеге кымбат болгон.
"Акылдуу" эсептегичтер Дүйнөлүк банк тарабынан берилген кредиттин эсебинен алынган. Бул шартта милдеттүү түрдө тендер өткөрүлүшү керек болгон. "Дастан" заводу 25 млн долларлык сунуш берген, ал эми кытайлык компания 14 млн доллар сунуштап тендерде жеңип чыккан.

Маалыматка ылайык, бир кытайлык эсептегичтин баасы болжол менен 20 долларды түзгөн.

Депутат Улукбек Ормонов мындай жүйөлөргө нааразы болуп, өкмөт ички өндүрүштү колдошу керек эле деп белгиледи. Анын пикиринде, мамлекет мындай ири каражаттардын өлкө ичинде калуусуна шарт түзүшү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media