Кыргызстанда газдаштыруу деңгээли 2025-жылы 45%ды түздү

Кыргызстанда газдаштыруу деңгээли 2025-жылы 45%ды түздү

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө газдаштыруу деңгээли 45%ды түзгөнүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.

Анын айтымында, отчеттук мезгилде республика боюнча 100 чакырымдан ашык жаңы газ түтүктөрү тартылган. Айрыкча Новопокровка айылында инфраструктураны куруу иштери активдүү жүргүзүлгөн.

Газ тармактарынын кеңейишинин натыйжасында дагы 20 миң жаңы абонент кошулуп, өлкө боюнча алардын жалпы саны 444 миң 400гө жеткен.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы жаратылыш газынын жалпы керектөөсү 520 млн куб метрди түзгөн.

Ошондой эле министрлик калкты экологиялык жактан таза отунга өткөрүү иштерин улантууда. Бул максатта жарандарга үйлөрдү газ менен жылытууга өткөрүү үчүн 19 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media