Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Мунай баалары боюнча божомолдор Ормуз кысыгы канча убакытка чейин кемелер үчүн жабык болоруна абдан көз каранды, деп жазат Bloomberg NEF.

"Мисалы, эгер ал май айынын башында ачылса, Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллар чамасында кармалат. Ал эми ачылышы эки айга — июлдун башына чейин — жылдырылса, баа 160 долар деңгээлине чейин көтөрүлүү коркунучу бар",- деп эскертишет компаниянын аналитиктери.

Алардын учурдагы негизги божомолу боюнча, Ормуз кысыгы июль эмес, май айынын башында эле кайра ачылат. Мындай оптимизмге карабастан, Bloomberg NEF 2026-жылы дүйнөлүк мунай рыногундагы ашыкча сунуш боюнча божомолун кескин төмөндөттү — мурдагы күнүнө 2,23 млн баррелдин ордуна күнүнө 0,96 млн баррель.

"Мунай баасынын өсүү коркунучуна карабастан, биздин негизги сценарий АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып, 2026-жылы Brent мунайынын орточо баасы баррелине 74 долар деңгээлинде болот деп болжолдойт", — деп жыйынтыкташат BloombergNEF эксперттери.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Коомдук талкуу: рулу оңдон солго которулган унааларды каттоо сунушталды

Кыргызстанда рулу оң жактан сол жакка которулган унааларды каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирип, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунушка ылайык, рулу оң жактан сол жакка жылдырылган автоунаалар легалдаштырууга жатпаган транспорт каражаттарынын тизмесинен чыгарылат. Мындай унаалардын ээлери каттоодон өтүү үчүн техникалык экспертизанын корутундусун алууга

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун аткарылышына баа берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашырууну баалоо боюнча жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун учурдагы абалы, аларды ишке ашырууда жаралган көйгөйлөр жана чечүү жолдору каралды. Ошондой эле долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын өз

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бажы кызматынан маалымдагандай, КЭР жараны башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы 460 кг жакын 20 товарлардын түрүн

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 9-20-ноябрында Түркиянын Анталья шаарында өтө турган Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликте Кыргызстандын делегациясынын КС31ге катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Ага министрдин орун