Кыргызстанда ККЭБ үчүн жабдууларды импорттоо тизмеси кеңейтилди

Кыргызстанда ККЭБ үчүн жабдууларды  импорттоо тизмеси кеңейтилди

Министрлер Кабинети кайра калыбына келүүчү электр жабдыктары (ККЭБ) тармагындагы долбоорлор үчүн импорт учурунда кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотула турган товарлардын жана жабдуулардын тизмесин кеңейтти.

Өзгөртүүлөр 2021-жылдын 4-октябрындагы №196 токтомуна киргизилди. Бул чечим кайра калыбына келүүчү энергия секторун өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө багытталган.

Документке ылайык, жеңилдетилген импорт тизмеси ондогон жаңы позициялар менен толукталды. Алардын ичинде:

  • инфраструктуралык элементтер, металл конструкциялар, түтүктөр, бекитүүчү деталдар;
  • жүк көтөрүүчү жабдуулар;
  • ар кандай кубаттагы трансформаторлор;
  • инверторлор жана башкаруу системалары;
  • кабелдер, оптоволокно жана туташтыруучу элементтер;
  • кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын негизинде курулуучу энергетикалык объекттер үчүн приборлор жана тетиктер.

Күтүлгөндөй, тизмектин кеңейиши "жашыл энергетика" долбоорлорунун баасын төмөндөтүп, алардын ишке ашуусун тездетет.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

УКМК өзгөчө кырдаал же аскердик абал учурунда мобилдик түзүлүштөрдү өчүрүү, уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. УКМКныын орун басары Алишер Эрбаев бул мыйзам Санарип кодексинин кабыл алышына байланыштуу, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештикти камсыздоо максатында сунушталганын айтты. Ал буга чейин билдиргендей, эгер атайын кызматтар жарандардын телефонун тыңшай

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп,

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды