Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты 26,8% реконструкцияланды

Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты  26,8% реконструкцияланды

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө жумуштун 26,8%ы бүткөн. Иштер бекитилген графикке ылайык, Кытайдын CNEEC башкы подряддык компаниясы адистери тарабынан аткарылып жатат.

Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу ырааттуу өсүп жатат. 2025-жылы №3 жана №4 агрегаттар жаңылангандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка жогорулаган. Ал эми учурдагы №1 жана №2 агрегаттарды жаңылоо иштери аяктаганда, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет.

"Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана инфраструктураны жаңылоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү