"Билимдин муз жаргычы" экспедициясына катышууну каалагандар арасында эл аралык сынакка Кыргызстандан рекорддук сандагы арыздар келип түштү

"Билимдин муз жаргычы" экспедициясына катышууну каалагандар арасында эл аралык сынакка Кыргызстандан рекорддук сандагы арыздар келип түштү

"Жеңишке 50 жыл" атомдук муз жаргыч менен Түндүк уюлга экспедицияга катышууга баруучу Кыргызстандык мектеп окуучуларды тандоонун сынагы уланып жатат. Викторинаны ийгиликтүү аяктап, каттоого алынган катышуучулар учурда тандоонун экинчи этабын аткарып башташты.

“Росатом” мамлекеттик корпорациясынын VII эл аралык “Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуу долбооруна сынактык тандоонун алгачкы эки жумасында - Армения, Бангладеш, Беларусь, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африкадан 1400дөн ашык катышуучу катталды. Бул жолку катышуучулардын саны мурунку сезондордон бир кыйла көп болуп, долбоорго болгон кызыгуунун өсүп жатканын тастыктады. Балдар Арктика боюнча билимдерин көрсөтүүгө жетишип, экинчи этапка өтүштү: эми аларды “Росатомдун” келечектүү чечимдери боюнча вебинарлар сериясы күтүп жатат, андан кийин алар өткөн материалдардын негизинде суроолорго жооп беришет.

"Биринчи этап катышуучулардын жогорку мотивациясын жана билиминин тереңдигин көрсөттү. Долбоордун географиясы кеңейип, “Росатомдун” технологияларына кызыгуу өсүп жатканына кубанычтабыз. Эми балдарды күчөтүлгөн билим берүү программасы - алдыңкы эксперттердин вебинарлары күтүп жатат" - деп, белгиледи “Росатом эл аралык тармагынын” коммуникациялар боюнча башкы директорунун орун басары Александра Юстус.

Чет өлкөлүк катышуучуларды тандоо конкурсу goarctic.energy сайтында өтүп жатат. Тандоо процессинин биринчи жана экинчи этаптарына 3-июнга чейин катышууга болот. Анын жыйынтыгынын негизинде, ар бир өлкөдөн эң жогорку упай алган ТОП-10 жеңүүчү аныкталат. Дал ошолор үчүнчү жана акыркы этапка өтүшөт да, видео презентация түрүндө финалдык тапшырма боюнча өз идеяларын сунушташат. Мыктылардын мыктылары гана 2026-жылдын августунда, Түндүк уюлга легендарлуу арктикалык экспедицияга кошулушат.


 МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

«Билимдин муз жаргычы» илимий-агартуу долбоору “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган. Ал табигый илимдердин жана атомдук өнөр жай тармагын жайылтууга, таланттуу жана шыктуу балдарды аныктап, аларды колдоп, жөндөмүн өнүктүрүүгө жана кесиптик багыт берүүгө багытталган. Долбоорго дүйнөнүн ар тарабынан келген 14-16 жаштагы мектептин окуучулары жана атайын орто билим берүү программаларынын студенттери катышышат. Алардын эң мыктылары “Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргыч бортунда Түндүк уюлга илимий-агартуучу экспедицияга жөнөтүлөт.

Түндүк деңиз жолу (ТДЖ) - бул батыш Евразия менен Азия-Тынч океан аймагынын ортосундагы эң кыска кеме жолу жана Россиянын тарыхый жактан калыптанган улуттук транспорттук артериясы болуп саналат. Россиянын Түндүк деңиз жолун өздөштүрүү тарыхы 500 жылдан ашык убакытты камтыйт жана 1525-жылга таандык. Ошондо орус дипломаты Дмитрий Герасимов Түндүк Муз океанынын деңиздери аркылуу кеме каттамын колдонуу идеясын сунуштаган.

2018-жылы РФ өкмөтү “Росатомго” Түндүк деңиз жолу инфраструктуралык оператору болууга ыйгарым укук берген. Корпорация "Түндүк деңиз жолун өнүктүрүү" федералдык долбоорун көзөмөлдөйт жана ошондой эле Россия өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Түндүк деңиз жолун 2035-жылга чейин өнүктүрүү планын жана Россия Федерациясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн “Жыл бою иштөөчү Түндүк деңиз жолу” демилгесин ишке ашырууга катышат.

Россия - дүйнөдөгү атомдук муз жаргыч кемелеринин флотуна ээ болгон жападан жалгыз өлкө. Флоттун оператору болуп «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын ишканасы – «Атомфлот» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы саналат. Бүгүнкү күндө «Атомфлоттун» муз жаргыч флотунун курамында сегиз атомдук муз жаргыч бар.

"Росатом" жана анын ишканалары илимий-агартуу жана маданий демилгелерди колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Алар россиянын жогорку окуу жайларында адистештирилген кафедраларды түзүүгө, стипендиялык программаларды, ири билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана студенттер үчүн такшалуудан өтүүгө жана кийин жумушка орношуусуна шарт түзүүгө катышышат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media