Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

Татарстан делегациясы Кыргызстандын энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты

19–21-май күндөрү Татарстан Республикасынын алдыңкы энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Сапар Кыргызстандын улуттук электр тармагы менен Татарстандын Тармактык компаниясы ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимдин алкагында уюштурулду.

Иш сапардын негизги максаты — эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, адистик тажрыйба алмашуу, Кыргызстандын негизги энергетикалык объектилеринин иши менен таанышуу жана Каракол шаарында курула турган заманбап окуу борбору менен окуу-практикалык полигондун аймагын көрүү болду. Аталган борбордо чыңалуу астында иштөө боюнча энергетик адистерди окутуу пландалууда.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Татарстандык делегацияны Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Кыргызстандын улуттук электр тармагы ишканасынын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев коштоп жүрүштү. Делегациянын курамына Тармактык компания ишканасынын башкы директору Ильшат Фардиев, курулуш боюнча директордун орун басары Азат Мазитов, “Искра – Волга” технопаркынын жетекчиси Нияз Галимуллин жана “ЭнергоРазвитие” башкаруучу компаниясынын башкы директору Раиль Газетдинов кирди.

Иш сапардын алкагында коноктор Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы бир катар стратегиялык энергетикалык объектилерди көрүп чыгышты.

Алардын катарында 500 кВ кубаттуулуктагы Кемин көмөк чордонү да бар. Делегация бул объекттин иши менен таанышып, анын Кыргызстандын энергетикалык системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоодогу маанисине өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, коноктор Бишкек шаарындагы Чыгыш РЭСин, Бишкек электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк базасын, ошондой эле Мурас көмөк чордонү жана Ала-Арча көмөк чордонү жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорун кыдырып, заманбап техникалык жабдуулар жана энергетикалык инфраструктура менен таанышышты.

Тараптар энергетика тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана адистерди даярдоо багытында биргелешкен иштерди улантууга кызыкдар экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media