Бишкекте көмөк чордондор жаңыланууда

Бишкекте көмөк чордондор жаңыланууда

2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан өлкөнүн энергетикалык компанияларынын алдына бир катар маанилүү милдеттер коюлган. Бекитилген планга ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып борбор калаада масштабдуу даярдык иштери башталган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын энергетикалык системасын өнүктүрүү, электр тармактарын модернизациялоо жана калкты электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2026-жылы төмөнкү иштер жүргүзүлөт:

38 кошумча трансформатор орнотуу;
эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордонунун (КТП) шкафтарын заманбап ГКТП шкафтарына алмаштыруу;
278 темир-бетон мамысын орнотуу;
кабелдик жана аба электр берүү линияларынын айрым тилкелерин реконструкциялоо;
энергетикалык объектилерде профилактикалык иштерди жүргүзүү.

Бүгүнкү күндө Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында 2248 трансформатор бар. Жыл аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн өтүп, зарыл болгон оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media