Быйыл Жалал-Абадда 65 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда

Быйыл Жалал-Абадда 65 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

2025-жылы Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларында 78 миң 500 даана 1-фазалуу, ал эми бардык район электр тармактарында 4 миң 745 даана 3-фазалуу акылдуу эсептегич орнотулду.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, мыйзамсыз кошулууларды аныктоого, дебитордук карыздарды азайтууга жана жоготууларды төмөндөтүүгө жардам берет.

Мындан тышкары, “КУЭТ” ААКнын “Жоготууларды кыскартуу” боюнча буйругунун негизинде Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пилоттук долбоор ишке ашырылып, 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланды. Анын алкагында СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү зымдары тартылды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бир катар фидерлерде жоготуулар азайды:

  • “Чолок-Терек” фидеринде 20,5%дан 15,3%га;
  • “Таштемиров” фидеринде 14,8%дан 6,7%га;
  • “ГЭС” фидеринде 19,3%дан 12,4%га чейин төмөндөдү.

Бул көрсөткүчтөр акылдуу технологиялардын энергетика тармагындагы натыйжалуулугун көрсөтүп, электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүүгө шарт түзүүдө.

2026-жылы Сузак районунун Көк-Арт аймагына, Ноокен жана Токтогул райондоруна, ошондой эле Таш-Көмүр шаарына 65 миң даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт.

Санариптешкен система — так көзөмөлдүн, туруктуу камсыздоонун жана аз жоготуунун негизги кепилдиги.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн