Энергетика министрлиги: Орто-Токой ГЭСинде курулуш кызуу жүрүүдө

Энергетика министрлиги: Орто-Токой ГЭСинде курулуш кызуу жүрүүдө

Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштердин алкагында Орто-Токой ГЭСинин курулушу активдүү уланууда. Атап айтканда, келечектеги станциянын кубаттуулугун өлкөнүн энергосистемасына чыгарууну камсыз кылуучу 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу жүрүп жатат. 

Бүгүнкү күндө аба чубалгы боюнча пайдубал куруу иштери аяктап, 26 аралык тирөөчтөрдүн 18 орнотулду. Анкердик тирөөчтөрдү чогултуу, жерге туташтыруу контурларын орнотуу жана кийинки монтаж иштерин жүргүзүү үчүн кирүү жолдорун даярдоо иштери уланууда.

Орто-Токой ГЭСинин курулуш аянтчасында да негизги курулуш-монтаж иштери уланууда. Суу кабыл алуучу шахтанын үстүндөгү имараттын курулушу аяктап, долбоор боюнча узундугу 950 метр болгон деривациялык тоннель толугу менен казылып бүттү. Учурда тоннелдин металл каптамасын орнотуу жана инъекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

ГЭС имаратында дагы бир катар негизги этаптар аяктады. Анын ичинде өздүк муктаждыктар үчүн трансформаторлорду орнотуу, №2 гидроагрегаттын роторун борборлоштуруу иштери бүткөрүлдү. Ошону менен катар көмөкчү жабдууларды монтаждоо, ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери, релелик коргоо жана автоматика системаларын орнотуу, кабелдик линияларды төшөө, ошондой эле имараттардын ички жана тышкы жасалгалоо иштери уланууда.

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media