ЭӨА Кыргызстандагы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлөт

ЭӨА Кыргызстандагы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстандагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбооруна 30 млн доллар бөлдү.

Кечээ, 28-ноябрда, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети КР менен ЭӨА ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо долбоорун карап, жактырды.

Мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова биринчи окууга алып чыкты. Анын айтымында, долбоор үч компоненттен турат:

  • 1-компонент: “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында тез жардам көрсөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
  • 2-компонент: Калктын аялуу катмары, анын ичинде эмгек мигранттары үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.
  • 3-компонент: Социалдык коргоо системаларын чыңдоо.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Өзгөндүн тургуну алма сактоочу ири борбор курууга мамлекеттик колдоо сурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борбор куруу үчүн мамлекеттик каржылык колдоо керек экенин айтты. Маалыматка ылайык, министр бул багытта мамлекеттик

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Адылбек Касымалиев: Күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымына караганда, өлкө күйүүчү-майлоочу материалдардын 90%дан ашыгын импорттойт, ошондуктан ички рынок тышкы бааларга, геосаясий кырдаалга жана транспорттук чыгымдарга түздөн-түз көз каранды. “Азырынча бааларды туруктуу кармап турабыз, бирок баары бир акырындык

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

"Асман" жаңы шаары: курулуш жана инвестиция тартуу багыттары белгиленди

4-августта Бишкекте "Асман" жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада экологиялык жактан таза шаарды куруу долбоорун ишке ашыруу, инженердик жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, ошондой эле инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Аравандын Сырт айылына 109 млн сомдук мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош облусунун Араван районунун Сырт айылында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болуп курулду.