Быйыл дыйкандарга 1666 техника лизинг аркылуу берилди

Быйыл дыйкандарга 1666 техника лизинг аркылуу берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо жана машина-трактордук паркты жаңылоо багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет.

Долбоорлордун алкагында дыйкандарга жана фермерлерге айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик колдоонун негизинде жалпы суммасы 33 миллиард сомду түзгөн 11 629 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилди. Анын ичинде 2026-жылы 4,9 миллиард сомго 1666 даана техника лизинг аркылуу берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media