Насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги АБанк жана Элдик Банк менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан тартып өнөктөш банктардын кезекке коюу үчүн арыздарды кол менен кабыл алуу жана каттоо толугу менен токтотулат.

Мындан ары арыздарды каттоо Министрликтин “iDyikan” санариптик платформасы аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.

Жаңы санариптик сервис айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

онлайн каттоодон өтүү; 

жеңилдетилген каржылоого арыз берүү; 

аралыктан кезекке туруу; 

арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө. 

Системаны ишке киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
“iDyikan” платформасы мамлекеттик кызматтарды жана финансылык инструменттерди электрондук форматта бириктирген аграрийлер үчүн бирдиктүү санариптик терезе катары өнүктүрүлүүдө.

Мындан тышкары, келечекте “iDyikan”мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда. Бул кызматтарга жана каржылоого жетишүүнү дагы да ыңгайлуу кылат.

Каттоодон өтүү боюнча кеңири кадамдык нускама төмөндө жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы