Дыйкандарга 6% үстөк менен насыялар берилүүдө

Дыйкандарга 6% үстөк менен насыялар берилүүдө

“Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” программасынын негизинде жеңилдетилген насыялар жылдык 6% үстөк менен берилүүдө. Бул тууралуу Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоо мамлекеттик колдоо программасынын алкагында жүргүзүлүп, негизги максаты – майда өндүрүүчүлөрдү бириктирүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү болуп саналат. Программа 2 жылдан бери ишке ашырылып келүүдө.

Программа Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен бекитилген. Каржылоону Айыл Банк жана Элдик Банк жүргүзөт. Насыянын пайыздык чени – жылдык 6%.  Насыянын суммасы 50 млн сомго чейин жетет.

Насыя төмөнкү багыттарга берилет:

мал чарбачылыгы;

өсүмдүк өстүрүү;

күнөскана чарбасы;

тамчылатып жана жаадырып сугаруу;

айыл чарба техникасын лизингге алуу;

машина-трактор станцияларын түзүү.

2026-жылы өлкөбүздө “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” программасы айыл чарба кооперативдерин жана биргелешкен өндүрүштөрдү колдоонун негизги механизмдеринин бири катары улантылып, айыл чарба кооперацияларын кеңейтүү, майда өндүрүштү ирилештирүү жана аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү багыттары боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы