Кургак учукка каршы 24 млн доллар грант алынган

Кургак учукка каршы 24 млн доллар грант алынган

17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2025-жылдын 22-сентябрында Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында кол коюлган Министрлер Кабинети менен кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова белгилегендей, долбоордун милдети Глобалдык фонддун гранттарынын Башкы реципиенти функцияларын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү болуп саналат. Мында аталган макулдашууну ратификациялоо Кыргызстанда эл аралык келишимдин ченемдерин, анын ичинде Кыргызстандын Салык кодексинин 3-беренесинде каралган салыктык жана бажылык преференцияларды колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзөт.

“Кыргызстанда Глобалдык фонддун гранттарынын ишке ашырылышы 2004-жылы башталган. 2004-2023-жылдардын аралыгында өлкө кургак учукка каршы күрөшүү боюнча жалпы 180 млн долларга жакын суммадагы гранттарды алган. Учурдагы 2024-2026-жылдар гранттык циклинин алкагында Кыргызстанда Глобалдык фонд тарабынан 24 млн доллар бөлүнгөн”, – деди баяндамачы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы