Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 370 атайын техника алынат

4-августта МинКаб төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча долбоорду тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу боюнча 2015-жылдын 26-мартындагы макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылат. Гранттык жардамдын негизинде министрликке жалпы баасы 148,9 млн кытай юанын түзгөн 370 даана атайын техника жеткирилет. Алар Суу ресурстары кызматынын ирригациялык каналдарды механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзгөн бөлүмдөрүнө арналган.

Жеткирилүүчү техникалар өлкө боюнча Суу ресурстары кызматынын 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу ирригациялык инфраструктураны тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга жана өлкөнүн суу чарба тармагын жаңылоого олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты. Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле

Ишкер Media
Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү

Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү

Бүгүн, Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде "Манас Деми – 2026" кайрымдуулук жарышы болуп өттү. Жарышка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жөө күлүктөр, үй-бүлөлөр, күйөрмандар жана башка коноктор катышты. Жарышка катышуучулар 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыкта күч сынашты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жарыш

Ишкер Media
Свердлов районунда тургундар менен жергиликтү бийликтин өкүлдөрү жолугушту

Свердлов районунда тургундар менен жергиликтү бийликтин өкүлдөрү жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде Свердлов районундагы Ак-Жар конушунун тургундары менен Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын  жолугушуусу  өттү. Жолугушууга Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына кирген аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер жергиликтүү тургундар менен биргеликте талкууланды. Айрыка

Ишкер Media
Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдады. Билдирүүгө караганда, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы

Ишкер Media