Президент Кара-Кулжа айылында Калкты тейлөө боюнча маданий борборду ачты

Президент Кара-Кулжа айылында Калкты тейлөө боюнча маданий борборду ачты

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа айылындагы Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты.

Борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүнү камсыздап, социалдык багыттагы объекттерди бир жерде жайгаштырууга багытталган.
Садыр Жапаров үч кабаттуу имараттын инфраструктурасы менен таанышып, андагы калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатр, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекет башчысына жер тилкесинин жалпы аянты 0,45 гектарды түзөрүн маалымдап, долбоор район тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын айтты. Өз кезегинде жашоочулар ишке ашырылып жаткан демилгелердин калктын жашоо шартын жакшыртуудагы маанисин белгилешип, аймактарды өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү сунушталып жатканын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Ысабековдун айтымында, азыр такси жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөй механизми иштеп жатат. Эми ушул

Ишкер Media
Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media