Эки жылда кыргыз футболуна 15 млрд сом тартылып, 17 стадион курулду – Камчыбек Ташиев

Эки жылда кыргыз футболуна 15 млрд сом тартылып, 17 стадион курулду – Камчыбек Ташиев

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти. Мындай чечим бүгүн уюмдун кезектеги конгрессинде кабыл алынды. Камчыбек Ташиев ал футбол биримдигинин жетекчиси болуп турганда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

“Эки жылдын ичинде 17 жаңы стадион, мекемелерди куруптурбуз. Азыр дагы 14ү курулуп жатат. Эки жылдын ичинде буга 7 млрд сомду жумшаптырбыз. Азыр дагы 7-8 млрд сомдук курулуштар жүрүп жатат. Демек эки жылдын ичинде футболго 14-15 млрд сом тарттык”, - деди ал.

Ал кыргыз футболундагы жетишкендиктер президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен болгонун, аны Кыргыз футбол биримдигин жетектөө сунушун да мамлекет башчы бергенин айтты.

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынып, бир катар саясий окуялардан кийин расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү. Ал 2024-жылдын 19-февралында Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды.

Жогорку Кеңештин тогуз депутаты, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшырып, “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы ишке байланыштуу “Коррупция” беренеси менен айып тагылып кармалган. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек.

Мындан тышкары окуңуз

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media