Турак жайларды мыйзамдаштырууда карама-каршылыктар бар – У.Карыбеков

Турак жайларды мыйзамдаштырууда карама-каршылыктар бар – У.Карыбеков

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу жер амнистиясын ишке ашыруудагы көйгөйлөр тууралуу айтты. Анын айтымында, турак жайларды мыйзамдаштыруунун биринчи жана экинчи этаптары аяктаган. Бирок азыркы учурда бир эле турак жай массивинде бир эле адамдарга ар кандай мамиле жасалып жаткан түшүнүксүз жагдай жаралууда.

Ал билдиргендей, буга чейин Аламүдүн районунда 110 үйдү мыйзамдаштырып, алардын ээлерине бардык укуктук документтерди берүү пландалган. Бирок аймак Бишкек шаарынын карамагына өткөндөн кийин шаардык архитектура темир жол линиясы өтөт деген жүйө менен уруксат берүүдөн баш тарта баштаган.
Ошол эле учурда, депутаттын айтымында, коңшу жайгашкан Ак-Бата турак жай массивинде ушундай эле шарттарда башка үй-бүлөлөргө документтер бериле берүүдө.

Улукбек Карыбек уулу дагы бир маселени көтөрдү: 18 үй-бүлөгө алардын объекттери коммерциялык багытта (көп кабаттуу үйлөр, дүкөндөр же цехтер) деп табылып, мыйзамдаштыруудан баш тартылган. Анын айтымында, мындай чечимдер мыйзамдын так нормаларына шилтеме берилбестен кабыл алынууда.

Депутат белгилегендей, амнистиянын негизги максаты — жарандардын жер тилкелеринде курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу жана аларга укуктук макам берүү.

Ал кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгып, 110 үй-бүлөгө адилеттүү мамиле жасап, документтерди толук бүтүрүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү сунушталып жатканын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Ысабековдун айтымында, азыр такси жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөй механизми иштеп жатат. Эми ушул

Ишкер Media
Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media