Кыргызстанда 1,7 миңдей көйгөйлүү контурдун 84ү гана кабыл алынды

Кыргызстанда 1,7 миңдей көйгөйлүү контурдун 84ү гана кабыл алынды

Жер тилкелерин легалдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик комиссия 33 жыйын өткөрүп, 1 миң 707 көйгөйлүү контурдун ичинен 901 схеманы карап чыкканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында болгону 84 контур боюнча чечим кабыл алынган.

Комиссиянын маалыматына ылайык, айрым жер тилкелери Бишкек шаарында, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жактырылган.

Ошол эле учурда жер тилкелерин легалдаштыруу боюнча акыркы чечимди райондук администрациялар менен мэриялар алдындагы жер амнистиясы боюнча жергиликтүү комиссиялар кабыл алышат. Мамлекеттик комиссия болсо өзүнчө чечим талап кылган татаал учурларды гана карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media