УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендер боюнча маалымат берди

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендер боюнча маалымат берди

УКМК Ош шаардык мэриясында жасалма тендер өткөрүүгө байланышкан коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин орун басары К.М. В.Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасын бузуу боюнча тендер уюштурган.

Ошол эле учурда, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган имарат тендер өткөрүлгөнгө чейин эле толугу менен бузулуп бүткөнү аныкталган.

Мындан тышкары, бузуу иштеринен кийин калган 7 млн сомдон ашык суммадагы курулуш материалдары мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул аракеттерди жашыруу үчүн жасалма документтер түзүлгөн. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 7,7 млн сомду түзгөн.

Сот К.М.ны күнөөлүү деп таап, 300 миң сом өлчөмүндө айып пул салган жана келтирилген зыянды өндүрүп берүү милдетин жүктөгөн. Учурда иш Жогорку сот тарабынан каралууда.

Эске салсак, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушууда Курсантбек Матиев (К.М) өлкө башчыга кайрылып, жоопкерчиликке адилетсиз тартылганын айтып, ишин көзөмөлгө алууну суранган. Ал мектептин жатаканасын бузуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ош мэриясынын чечимдери чыкканын, өзү төрт ай камакта отуруп, бюджетке 1 млн сом төккөнүн айткан.

Садыр Жапаров Курсантбек Матиевдин ишин териштирип, мыйзамсыз иштер аныкталса каражатын кайра кайтарып берүү тапшырмасын берген.

Мындан тышкары окуңуз

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media