Талас облусунда быйыл 3 энергетикалык объект курулат

Талас облусунда быйыл 3 энергетикалык объект курулат

Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенин Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, учурда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цехтин котлован казуу иштери аяктады. Андан темир-бетон электр мамылары, ошондой эле суу өткөргүч темир-бетон шакектер сыяктуу буюмдар чыгарылат. Жылына 2 миңден ашуун мамы өндүрүлүп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, чыгымдарды кыскартууга жана жаңы 8 жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Абдыкалык Калматов участогундагы административдик имаратынын учурда пайдубалы куюлуп жатат. Имарат бир кабаттуу болуп, жалпы аянты 238 чарчы метрди түзөт жана 8 кызматкерге ылайыкталат. Бул объект 1960-жылы курулган эски имараттын ордуна салынып жатат.

Андан сырткары, Талас электр тармактар ишканасынын аймагында жайгашкан жогорку чыңалуудагы аба линиялары жана Электр жабдууларын сыноо, жогорку чыңалуудан коргоо жергиликтүү кызматы, ашыкча чыңалуудан коргоо кызматы, сыноо кызматтарынын имараты реконструкциядан өткөрүлөт.

Жогоруда аталган иштер Улуттук электр тармактарынын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланып, иштерди Талас электр тармактар ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media