Сузакта 89 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Сузакта 89 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын борбордук аппараты Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгы менен биргеликте Сузак райондук мамлекеттик администрациясында пландуу текшерүү жүргүзгөн.

Мындан тышкары, Сузак айылынын тургундарынын арызынын негизинде кошумча текшерүү уюштурулуп, анын жыйынтыгында 5,05 га өзгөчө баалуу айыл чарба багытындагы жер тилкеси бузулгандыгы аныкталган.

Жер кыртышын бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмү болжолдуу 89 082 000 сомду түзгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жанаYouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты