Кара-Суу районунда 40 млн сомго ветеринардык административдик имарат курулуп баштады

Кара-Суу районунда 40 млн сомго ветеринардык административдик имарат курулуп баштады

Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл аймагынын Медресе айылында райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Ага ылайык салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, мезгил кутусу салынды.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 40 087 416 сомду түзүп, имараттын жалпы аянты 420 чарчы метрди камтыйт.

Буга чейин колдонулган имарат 2004-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалга келип, пайдаланууга жараксыз болуп калган. Ошондуктан жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган.


Жаңы объект Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аркылуу ишке ашырылып, аткаруучу болуп ЖЧК “Арт Хаус” аныкталган. Курулуш иштери 4 ай ичинде аяктоо пландалууда. Объектти пайдаланууга берүү ушул жылдын сентябрь айына белгиленген.

Жаңы имараттын курулушу райондун агрардык секторун өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Ал ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, мал чарбасын натыйжалуу башкарууга, жайыт жана тоют ресурстарын рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media