ЦУМдун жанындагы фонтандын азыркы акыбалы кандай?

ЦУМдун жанындагы фонтандын азыркы акыбалы кандай?

Учурда Бишкекте ЦУМдун жанында фонтан үчүн суунун айлануусун камсыз кыла турган түтүктөрдү орнотуу максатында траншеялар казылганын социалдык тармактарда архитектор Ядгар Мухтар билдирди.

Долбоорду ишке ашырып жаткан компания да курулуштун технологиялык процесси тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, эки түтүк тартылат — бири фонтанга суу берүү үчүн, экинчиси кайра сордуруу (кайтаруу) үчүн. Алар "кум жаздыгы" деп аталган негизге жайгаштырылат.

Комплекстин астында насос станциясы жана жабдуулар жайгашкан техникалык бөлмөлөр болот. Жалпысынан беш насос каралган, анын ичинде авариялык түрдө сууну сордуруп чыгаруу насосу да бар.

Курулуштун качан аяктары азырынча белгисиз.

Мурда борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев ЦУМдун жанындагы курулуштарды бузуп, фонтанды жана жашыл аймакты баштапкы абалына келтирүүнү талап кылган. Себеби салынып жаткан объект бекитилген архитектуралык долбоорго жана шаар куруу нормаларына туура келбей калган.

Мындан тышкары окуңуз

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media