Бишкектеги Ч.Айтматов үй-музейи жаңыланат

Бишкектеги Ч.Айтматов үй-музейи  жаңыланат

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланарын Ленин муниципалдык администрациясы билдирди.

Буга байланыштуу көчмө жыйын өтүп, анын жүрүшүндө үй-музейдин имаратын калыбына келтирүү, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан текстиль кластерин түзүүнү демилгеледи

Кыргызстан текстиль кластерин түзүүнү демилгеледи

5-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин жүрүшүндө Кыргызстан  ШКУга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу демилгеси менен чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жеңил жана текстиль өнөр жайы

8-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

8-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү - Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеде.

Мал доктурлар Суусамырда мониторинг иштерин жүргүзүштү

Мал доктурлар Суусамырда мониторинг иштерин жүргүзүштү

Жайыл районунда өткөн элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан Суусамыр өрөөнүндө мал жандыктарынын ооруп, өлүм учурлары катталып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бул тууралуу алар Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу учурунда билдиришкен. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жарандардын кайрылуусунун негизинде Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери

Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн жолу оңдолууда

Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн жолу оңдолууда

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан Исакеев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолдун узундугу 1100 метрди түзөт. Долбоордун алкагында заманбап жол жабуусун төшөө менен катар жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана жаан-чачын сууларын