Ноокен районунда аскер комиссариатынын имараты курула баштады

Ноокен районунда аскер комиссариатынын имараты курула баштады

Ноокен райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушу башталганын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине коргоо министри Руслан Мукамбетов катышты.

Анын айтымында, жаңы объект аскердик башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга, жарандарды аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыктын деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле министр өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо инфраструктуралык долбоорлордун мааниси зор экенин баса белгиледи.

Курулуш иштери 2026-жылдын IV кварталында аяктап, имарат заманбап талаптарга ылайык пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Учурда Сокулук, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук аскер комиссариаттарында да ушундай эле курулуштар жүрүп жатат. Мындан тышкары, Кара-Суу биргелешкен шаардык аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна да старт берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты