Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат

Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат

Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталганын Жогорку соттон билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышып, имараттын пайдубалына келечек кутучасын салды.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан берилген.

Имарат сот отурумдарынын ачыктыгын камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты