ИИМдин өкүлдөрү ДНК далилдери менен иштөөнүн окуусунан өтүштү

ИИМдин өкүлдөрү ДНК далилдери менен иштөөнүн окуусунан өтүштү

Кыргызстандын ИИМнин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын кызматкерлери кылмыш болгон жерде ДНК далилдерин аныктоо, алуу жана изилдөө боюнча беш күндүк эл аралык окуудан өтүштү.

Окуу Европа Биримдигинин EU ACT («Уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы аракеттер») долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп, ага ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сабактарды эл аралык эксперттер Португалия полициясынын илимий лабораториясынын кылмыш-криминалистика боюнча эксперт-иликтөөчүсү Бруно Антунеш жана Испаниянын улуттук полициясынын экспертиза илимий борборунун улук инспектору Марина Гамонал Симон өткөрүштү.

Катышуучулар биологиялык издерди табуу, алуу, таңгактоо жана сактоо, ДНК далилдеринин бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле соттук-генетикалык изилдөөлөрдүн негиздери боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Катышуучулар биологиялык издерди аныктоо, бекитүү, алуу, таңгактоо жана сактоо боюнча заманбап ыкмаларды, кылмыш болгон жерлерди кароонун өзгөчөлүктөрүн, ДНК далилдеринин сакталышын камсыз кылуу жана далилдер чынжырын сактоо эрежелерин үйрөнүштү. Биологиялык издерди аныктоодо заманбап криминалистикалык технологияларды колдонууга, кан издерин талдоого, ошондой эле соттук-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негиздерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөрүлгөн иш-чара Ички иштер министрлигинин биринчи генетикалык лабораториясын түзүүнүн алкагында адистерди даярдоонун кезектеги этабы болду. Заманбап ДНК-анализ ыкмаларын киргизүү эксперттик-криминалистикалык изилдөөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, чогултулган далилдердин сапатын жана кылмыштын бетин ачуунун ошондой эле тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда, Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, тараптар ар кыл багыттардагы стратегиялык өнөктөштүк менен мүнөздөлгөн жана эки жактуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда активдүү өнүгүп жаткан кыргыз-түрк мамилелеринин

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу 1-сентябрда маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов билдирди. Анын айтымына караганда, 2014-жылы Кыргызстанда өткөн алгачкы оюндарга 19 мамлекет катышкан. Быйыл Көчмөндөр оюндары 109 мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирди. Быйыл оюндар 3 багытта: спорт, маданият жана илим тармагында

Татарстандын башчысы “Ала-Арча” жаратылыш паркына барды

Татарстандын башчысы “Ала-Арча” жаратылыш паркына барды

Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов иш сапары менен Кыргызстанга келди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан "Ала-Арча" жаратылыш паркына сапар уюштурулуп, өлкөнүн уникалдуу жаратылышы жакындан тааныштырылды. Сапардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш экосистемаларын коргоо жана

Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУнун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт

Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУнун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт

“ШКУ плюс” жыйынында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан көп полярдуулукту глобалдык маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү, өнүгүүнүн ар түрдүү жолдорун, маданияттарды жана салттарды урматтоого негизделген процесс катары карай турганын баса белгиледи. “Биз үчүн адилеттүүлүктүн башкы критерийи – ар бир мамлекеттин үнүн эске алуу жана эл аралык ченемдердин бардыгы үчүн бирдей