Авиакомпанияларга учакта кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирилди

Авиакомпанияларга учакта кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирилди

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөрдү маалымдоодо мамлекеттик тилди колдонуу боюнча жаңы милдеттүү талап киргизди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти 

Маалыматка ылайык, эми Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө ичинде аткарылган бардык каттамдарда жүргүнчүлөр үчүн негизги маалыматтар кыргыз тилинде да жарыяланышы керек. Бул талап Кыргызстанга эл аралык каттамдарды аткарган бардык чет өлкөлүк авиакомпанияларга дагы тиешелүү.

Буга чейин эл аралык каттамдарда маалымат негизинен англис, орус жана каттам аткарылган мамлекеттин тилинде берилсе, эми алардын катарына мамлекеттик тил да милдеттүү түрдө кошулат.
Жаңы талаптын максаты – мамлекеттик тилдин макамын чыңдоо, жүргүнчүлөрдүн маанилүү маалыматты тең укукта алуусун камсыз кылуу жана жарандык авиациядагы тейлөө сапатын жогорулатуу.

Мындан ары авариялык коопсуздук боюнча нускамалар, учуу жана конуу тууралуу кулактандыруулар, учуу коопсуздугунун эрежелери жана башка милдеттүү билдирүүлөр кыргыз тилинде да айтылышы шарт. Ошондой эле мамлекеттик тилдеги маалымат башка тилдерде берилген маалымат менен толук жана мазмуну жагынан бирдей болушу талап кылынат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бардык авиаташуучу компаниялардын жетекчилерине кыргыз тилиндеги расмий кулактандыруулардын тексттерин даярдап, жаңы талаптын бардык каттамдарда аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн