Мектеп окуучулары көрүүсү начар адамдар үчүн “акылдуу” көз айнек ойлоп табышты

Мектеп окуучулары көрүүсү начар адамдар үчүн “акылдуу” көз айнек ойлоп табышты

Борбордук Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көрбөгөн адамдар үчүн EyeSens “акылдуу” көз айнеген иштеп чыгышты.

EyeSens командасынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы көрүүсү начар адамдардын 94,4% тротуарлардагы унаа токтотуучу жайларга, ал эми 83,3% беттери бактын бутактарына урунуп, жаракат алууга дуушар болушат. 

Долбоордун командасы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугуп, ага көз айнектин иштеп жаткан прототибин көрсөтүштү. 

EyeSens кандай иштейт:

Камера: Оправадагы камера айланада болуп жаткан нерселерди тартып, маалыматты смартфонго өткөрөт.

Маалымат локалдык ML-моделдер жана Gemini жасалма интеллекти тарабынан иштелип чыгат

Үн ассистенти: AIris үн ассистенти сунуштарды динамиктери аркылуу үн чыгарып айтып турат. 

Бул учурда адамдын кулагы ачык, колдору бош болот. Башкаруу “Эй, Айрис” командасы аркылуу ишке ашат.

Прототип азыр эмнелерди кыла алат:

Объекттерди таануу: “Алдымда эмне бар?” деген команда боюнча буюмдарды таанып, айлана-чөйрөнү кенен баяндап берет.

Текстти окуу: Орус жана англис тилдериндеги тексттерди, окуйт.

Оффлайн режим: Интернетке туташпастан объекттерди автономдуу таануунун эксперименталдык режиминде иштейт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата, өлкөдө 60 жаңы өнөр жай, ишканалардын иши старт алды

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата, өлкөдө 60 жаңы өнөр жай, ишканалардын иши старт алды

Ишке ашырылган долбоорлорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 533,2 млн АКШ долларына жакын сумманы түздү. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүнүн натыйжасында 4 022ге жакын жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жаңы өнөр жай объекттери экономиканын кеңири тармактарын, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүү, электр энергетикасы, металлургия, тамак-аш

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер