Кыргызстанга Жан-Клод Ван Дамм келери күтүлүүдө

Кыргызстанга Жан-Клод Ван Дамм келери күтүлүүдө

Голливуд актёру Жан-Клод Ван Дамм Ысык-Көлдө өтө турган суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатынын этабына келери күтүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Кыргызстандын суу-мотор спорт федерациясынын президенти Айбек Абылкасымовдун айтымында, уюштуруучулар учурда белгилүү актёрдун келишин күтүп жатышат. 

Ошондой эле келечектеги мелдештерге башка дүйнөлүк жылдыздарды, анын ичинде Криштиану Роналдуну чакыруу пландалууда.

F1H2O боюнча дүйнө чемпионатынын Ысык-Көлдөгү этабы 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

15-сентябрда окуу жылы башталат: мектептерде коопсуздук күчөтүлөт

15-сентябрда окуу жылы башталат: мектептерде коопсуздук күчөтүлөт

15-сентябрда Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталат. Ушуга байланыштуу билим берүү мекемелеринин айланасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, ИИМ Агартуу министрлиги менен биргеликте окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жүргүзөт. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин

Ошто мөмө-жемиштерди тоңдуруучу борбор ачылды

Ошто мөмө-жемиштерди тоңдуруучу борбор ачылды

Ош облусунун Төлөйкөн айылында "Азия Органикс" ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо багыты боюнча соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Борбор "Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстан Корея менен өнөр жай кызматташтыгын күчөтөт

Кыргызстан Корея менен өнөр жай кызматташтыгын күчөтөт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Борбордук Азия – Корея Республикасы" форматындагы өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйында тараптар өнөр жай кооперациясы, өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки затты терең кайра иштетүү, индустриалдык парктарды өнүктүрүү, транспорт жана логистика багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Эскертүү! 16-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Эскертүү! 16-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ичүүчү сууну пландуу өчүрүү 15-сентябрдан 16-сентябрга жылдырылганын билдирди. Маалыматка ылайык, суу берүү 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат. Өчүрүү Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакты, ошондой эле "Алтын-Ордо", "