Кыргызстанда калктын саны 7 млн 450 миңге жетти
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 45,5 миң адамга же 0,6%га көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион 370,6 миң, ал эми Ош шаарында 489,3 миң адамды түздү.
Январь- май айларында өлкөдө 53,8 миң ымыркай төрөлүп, 13,1 миң адам каза болгон. Натыйжада калктын табигый өсүшү 40,7 миң адамды түздү.
Эң жогорку табигый өсүш Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталса, эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында белгиленди.
Ошондой эле ушул мезгилде 16 миң 986 нике катталып, былтыркыга салыштырмалуу 928ге көбөйдү.
Ал эми ажырашуулардын саны да өсүп, 6 миң 158 учур катталды.