«Асман» шаарын коррупцияга шектүү «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиев курат
Ысык-Көлдөгү «Асман» шаары коррупция боюнча шектелип жүргөн «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиевдин жетекчилиги астында курулат. Бул тууралуу Файзиев өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирген. Тимур Файзиевдин айтымында, ал жакында эле мамлекеттин башкаруусунда «Асман» эко-шаарынын курулушунун жетектөөгө дайындалган. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабы боюнча шаар 500 миң адамга, кийинчерээк дагы жарым млн адамга