Быйыл кыш мезгилинде үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат
«Түндүк электр» жана «Чыгыш электр» ишканаларынын абоненттери алдыдагы кышкы жылытуу мезгилинде электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салынгандыгы тууралуу билдирүү алышты. Бул эскертүүдө жылытуу үчүн бардык электр жабдууларын колдонууга тыюу салынат деп жазылган. Тыюу салуулар сакталбаган учурда абоненттерге «чектөөлөр менен электр энергиясын керектөөнүн жеке лимити» киргизилет деп эскертилет. Чектер кандай