Коом
Авиация кызматкерлери үчүн турак жай курулууда
Жарандык авиациянын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан “Авиатор” турак жай комплексинин курулушу Кара-Жыгач айылында кызуу жүрүүдө. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ишке ашырылып жаткан авиация тармагындагы эң ири социалдык долбоорлордун бири. Долбоордун алкагында 1035 батирди камтыган 23 тогуз кабаттуу турак жай курулат. Комплексте балдар аянтчалары,