Экономика
Бишкекте "акылдуу", Wi-Fi туташылган прожекторлор орнотулат
Бишкек шаарында заманбап жарыктандыруу технологиялары киргизилип жатат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Bishkek Park соода-оюн-зоок борборунун жанында инновациялык "акылдуу" прожекторлор орнотулуп жатат. Долбоор Project Vision AI компаниясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда. Орнотуу иштерин Бишкексвет муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз "акылдуу" көчө прожектору орнотулду.