Коом
Балыкчыда чет өлкөлүктөргө жумуш берген ишкерлер менен жолугушуу өттү
Балыкчы шаардык мэриясы УКМКнын шаардык бөлүмү менен биргеликте чет элдик жумушчу күчүн пайдаланган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, жолугушууда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби жана өлкө мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле чет элдик жумушчу күчүн пайдаланган ишкерлерге эмгек жана миграция мыйзамдарын сактоо зарылдыгы эскертилди.